Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 07:14
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Октябрь тополоңу: уттукпу, уттурдукпу?

13.10.2020 11:14
1766
Октябрь тополоңу: уттукпу, уттурдукпу?


Тополоң, массалык башаламандык жана революция деген нерселер Кыргызстан үчүн ушул күнгө чейин ийгилик алып келе элек. Эл ар дайым бийликти көксөгөндөрдүн куралы гана болуп келатат. Революциялардан жабыр тарткандар – карапайым эл жана мамлекет болсо, пайдалангандар баягы эле саясатчылар. Ар кандай революциядан кийин ченебей байып алган саясатчылар бар. Эл бийликти алып берет, саясатчылар келип отурат. Анан папке, кресло бөлүштүрүп, кен байлыктардын лицензияларын «соодалашат». Ал эми митингге чыккан карапайым жарандардын айрымдары өмүр бою майып болуп кала берет. Мамлекет болсо таланып-тонолуп, улам беш жылда жыйнаган экономикасын, кадыр-баркын, стабилдүүлүгүн жоготуп отуруп калат. 


5-октябрдын кечинде башталган тополоң Ак үйдү басып алуу, талкалоо, өрттөө менен коштолду. Адегенде Ала-Тоо аянтында баары бир күчтөй опурулуп жаткан түрдүү партиялардын лидерлери, өкүлдөрү 6-октябрдан тарта бири-биринен бийлик талашып, биринчи жетип барганы бош калган креслолорду басып жыгылып жатышты. Бир күндө 3-4 жолу жетекчиси алмашкан мекемелер болду. 


Мамлекеттик бийлик органдарынын иши токтоду. Ишкерлик токтоду. Соода-сатык солгундады. 

Бизнес-ассоциациясынын Улуттук альянсынын маалыматына таянсак, акыркы күндөрдө болуп өткөн саясий туруксуздуктан жаралган чыгым 8 миллиард сомду, же 104 миллион долларды түзгөн. Эгерде өлкөбүздө стабилдүүлүк болуп турганда дал ушунча каражат киреше катары бюджетке түшөт эле. 


Мындан тышкары 210 миллион доллардын тегерегинде жыйырмадан ашуун контракттар жана бизнес-долбоорлор артка кайтарылган. 


Үч-төрт күндүк башаламандыктын натыйжасында эле ушунча чыгым тартып отурабыз. Эми анын таасирлери байкала баштайт. Милларддаган сомдук кирешеден куру калганыбыз жумушсуздуктун күчөшүн пайда кылат. Салык жана башка төлөмдөр боюнча пландын аткарылбаганы мамлекеттин социалдык-экономикалык абалын оордотот. Пенсия, жөлөк пул, айлык акылардын өз убагында төлөнүшү кыйындайт. Бул массалык башаламандыктын өлкө экономикасына тийгизген таасири. 


Экинчи таасири – аз эле жерден мамлекеттүүлүгүбүзгө шек кетип кала жаздады. «Өздөрүнө кереги жок мамлекет бизге керек беле?» деген суроолуу көз караш менен дүйнө жүзү карап турду. Мамлекеттин кадыр-баркына доо кетти. Эл аралык деңгээлде аброюбуз түштү. Дүйнөлүк картадан Кыргызстан деген мамлекет жоголуп, жака-белибиздеги мамлекеттердин территориясын чоңойтуп берип сала жаздадык. Ошондой абалга бир эле кадам калды. Азыр да ал коркунуч толук жоюла элек. Туура эмес жасаган бир эле кадамыбыз урпактарыбыздын көз каранды жашоосун камсыздап коюшу мүмкүн. 


Үчүнчү коркунуч – коронавирус пандемиясы. Дүйнө жүзүн пандемия чоочутуп, санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен коргонуп жатышкан кезекте Кыргызстандын борборунда бир нече күнгө созулган массалык башаламандык болду. Пандемиянын экинчи толкуну босогого келип калган болчу. Акыркы бир жуманын ичинде өлкөбүздө вирусту жаңыдан жуктуруп алгандардын саны 2000дин тегерегинде болду. Күнүнө каза болгондор болууда. Тилекке каршы, биз июль айындагы апаатты бат эле эстен чыгарыптырбыз. Эми митингде күн-түндөп жүргөн мекендештерибиз боо-боо болуп кулабайт деп ким кепилдик берет? Алар митингден кийин үйлөрүнө барды, бала-чакасы менен, тууган-уруктары менен жолукту. Жыйынтыгы кандай болушу мүмкүн? Июль апааты эки эселеп кайтып келбейби? 


Октябрь тополоңунан уткан бир гана жагдай болду – эски-жаңы саясатчылардын дээрлик баарынын нагыз жүздөрүн көрө алдык. Эми алардын саясатта калууга, элге акыл үйрөтүүгө моралдык да укуктары калган жок.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн