Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 18:18
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Окумуштуу Асел Сартбаева "Жылдын мыкты айымы" номинациясынын жеңүүчүсү аталды

05.03.2021 12:27
840
Окумуштуу Асел Сартбаева  "Жылдын мыкты айымы" номинациясынын жеңүүчүсү аталды

Кыргызстандык окумуштуу Асел Сартбаева беделдүү FDM Everywoman in technology академиялык сыйлыгына татыды. Бул туурасында Everywoman уюмунун сайтына жарыяланды.


Аталган уюм илим, технология, инженерия жана математика менен алектенген көрүнүктүү аялдарга жыл сайын наам ыйгарат. Быйыл калыстар тобу Сартбаеваны "Жылдын мыкты айымы" номинациясынын жеңүүчүсү деп тапты. Кыргызстандыктын новатордук эмгеги технология тармагында карьера жасаган аялдарды шыктандырып, үлгү болгону белгиленген.


"Анын иштеп чыккан технологиясы сыйлыкка татыды. Бул вакцинаны жеткирүү жана сактоо алда канча жөнөкөйлөтүлгөнүнөн кабар берет. Ал технология тармагында революция жасаган феноменалдуу аял", — деп жазган уюм.

Асел Сартбаева Бат университетинин химия боюнча профессору жана Улуу Британиянын Королдук илимий коомчулугунун мүчөсү болуп иштейт. Ал вакциналарды ар кандай температурада сактоонун коопсуздугун камсыздоо жаатында новатордук изилдөө менен алектенет.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн