Бугу 04, 2024
Убакыт: 05:05
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Окумуштуу-публицисттин жаңы китептери жарык көрдү

27.09.2023 17:16
2773
Окумуштуу-публицисттин жаңы китептери жарык көрдү


Жакында «Алтын тамга» басмасынан белгилүү окумуштуу Советбек Байгазиевдин «Чыңгыз Айтматов – ак калпак кыргыздын жана адамзаттын даанышманы» аттуу китеби жарык көрдү. Китеп алп жазуучунун 95 жылдыгына арналган.


Бул эмгекте улуу “Манас” эпосунун жана     Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын улуттук жана дүйнөлүк мааниси жөнүндө, «Манас» менен улуу жазуучунун ортосундагы маданий-генетикалык өтмө-катыштык байланыштар тууралуу сөз жүрөт. Ошондой эле  китепте Ч.Айтматовдун улуу «Манас» эпосуна карата көз караштары, баа берүүлөрү чечмеленет, кыска-нуска талдалат. Даанышман жазуучунун планетардык жаңы ойлому, дүйнөлүк жана улуттук мейкиндиктеги ролу, улуттук адабиятка алып келген олуттуу жаңылыктары баян этилет. Улуу жазуучунун XX-XXI кылымдардагы адамзаттын көйгөйлөрү, дүйнөнүн адеп-ахлактык жана экологиялык проблемалары, улуттук маданияттын тагдыры жөнүндөгү ой толгоолору глобалдык контексттен талдалып чечмеленет. Советбек Байгазиевдин китебинде Ч.Айтматовдун дүйнөсүнүн анча ачыла элек жактары жөнүндө сөз болот. Автор бул эмгекти кеңири интеллектуалдык чабыт менен жазган. 

Китеп Ала-Тоонун жалпы жарандарына, калың окурман журтуна, мектеп мугалимдерине, атайын орто жана жогорку окуу жайларынын студенттерине, окутуучуларына, тарбиячыларга, мамлекеттик кызматкерлерге – бардык кызыккандарга арналат.


Окумуштуунун «Улутубуздун уңгулуу нарктары» аттуу экинчи китеби өлкөбүздүн президенти Садыр Жапаровдун «Улуттук нарк жөнүндөгү» жарлыгын турмушка ашыруу максатында жазылган.


Байыртан келе жаткан тарыхы бар, кылымдардын кыйырларын баскан кыргыз эли бу дүйнөдө адам болуп, атуул болуп жашоонун жолдорун көрсөткөн рухий-адептик, этика-философиялык баалуулуктардын бүтүндөй бир системасын иштеп чыккан. Бул адеп-ахлак нарктарын калкыбыз тарыхтын бороон-чапкындуу узак жолунда жашоо үчүн, эркиндик үчүн болгон күрөштө далайлаган трагедияларды да, жеңиштерди, бакубат күндөрдү да баштан өткөрүп, турмуштун ачуу-таттуусун, өйдө-төмөнүн көрүп, өзүнүн социалдык тажрыйбасынан жууруп жараткан. Бул китепке дал ошол ата-бабалар жараткан «ак чач» дөөлөттөр, кыргызды сактап, кыргызды кыргыз кылып келген өлбөс-өчпөс уңгулуу, өзөктүү нарктар, муундар тарбиясына негиз болуп келген нарк-кенчтер улуттук турмуштан алынган мисалдар менен баяндалып, чечмеленип берилген. Китеп жарандарыбызды улуттук асылбаа нарктардын негизинде кайра жаралууга умтулууга шыктандырат, улуттук улуу баалуулуктарыбыз, өзүнчө бир адеп идеологиябыз бар экендигине сыймыктануу сезимин жаратат. Бул китепти жалпы калайык калкыбыздын өзүнчө бир таалим-тарбия окуу китеби десек болот. Китеп ата-энелерге, тарбиячыларга, мугалимдерге, окутуучуларга, мамлекеттик кызматкерлерге, интеллигенциянын бардык катмарларына, окуучуларга, студенттерге, жаштарга – бардык окурмандарга арналган. Бул эмгектин жазылышына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кеңешчилик кылып, экс-депутат, белгилүү ишкер Абтандил Кулбараков демөөрчүлүк кылган. Китеп окумуштуунун эли-журтуна кылган атуулдук кызматы катары бааланат деген ойдобуз. Аталган китеп ар бир кыргыздын жандооч китеби боло алат десек жаңылышпайбыз.


Каныбек Абдраимов, филология илимдеринин кандидаты 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн