Коронавирустун жаңы COVID-19 түрү 2012-жылы кытай шахтасында пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу Республикалык штаб The Sun басылмасы жазып чыкканын билдирди.
Маалымтака
ылайык, 2012-жылы Кытайдын Юньнань провинциясынан алты кытайлык кен казуучу эки жумадай
шахтаны жарганаттын фекалийлеринен тазалап, ооруп калышкан. Аларды дарылаган
дарыгер бейтаптардан COVID-19 жаңы коронавирусуна мүнөздүү белгилерди: өпкөнүн
сезгениши, кургак жөтөл, кол-буттардын оорушу жана жогорку температура –
каттаган.
Кийинчерээк тоо кенчилердин анализдеринин үлгүсү Ухандагы лабораторияга
изилдөөгө жөнөтүлгөн. Жергиликтүү адистер бардык бейтаптар атиптүү пневмонияга
окшош коронавируска чалдыкканын аныкташкан. Мындан улам, окумуштуулардын
пикиринде, COVID-19 адамдын организмине эбак эле көнүп калышы толук ыктымал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн