Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 14:21
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Окумуштуулар кеңеши: Өлкө жетекчилиги туура жолду тандап, азыркы кырдаалдан татыктуу чыгып кетет деп ишенебиз

12.10.2020 16:54
2004
Окумуштуулар кеңеши: Өлкө жетекчилиги туура жолду тандап,  азыркы кырдаалдан татыктуу чыгып кетет деп ишенебиз


Улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрү, окумуштуулар кеңеши учурдагы саясий кырдаалды талкуулап, бул боюнча атайын кайрылуу жолдоду. Алар кыргыз коомчулугун сабырдуулукка, толеранттуулукка, акылмандыкка чакырды. 


“Азыркы учурда негизги артыкчылык Конституцияга берилип, баары мыйзам чегинде, улуттук баалуулуктарыбызды эске алуу менен кырдаалдан чыгышыбыз керек. Биз укуктук талаага кайтып, көп улуттуу калкыбыздын ынтымагын бекемдөөгө чакырабыз. Бул учурда  өлкө жетекчилиги туура жолду тандап, элибиздин бакубат жашоосу үчүн күрөшөт деп ишенебиз”, - деп айтылат аталган кайрылууда. 


Ошондой эле окумуштуулар саясий элита менен мамлекеттин башында турган инсандар тил табышып, жаштар аларды угуп, бул кырдаалдан татыктуу чыгып кетерине ишенимин билдирген.  Мындан сырткары алар кыргыз интеллигенциясын да активдүү болууга чакырган.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Омор
Элдин атынан УИА президенти колоп койсо керек. Капа болбогула, ага деле бийлик керек