АКШнын Калифорния университетинин илимпоздору коронавирус илдетине чалдыккандар психоневрологиялык ооруларга кабыларын айтышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Изилдөөчүлөрдүн ою боюнча, мурунку тажрыйбалар көрсөткөндөй пандемия энцефалопатия, психоз, нерв-булчуңдарынын бузулуусу жана башка көптөгөн түйшүктөр менен коштолуусу ыктымал. Ушул эле көрүнүш инфекциядан айыккандардан байкалуусу мүмкүн экенин айтышкан.
“COVID-19 жеке адамдардын жана коомдун стресс болуусуна олуттуу фактор болуп саналат. Ооруга чалдыгып калуу, каза болуу жана келечекке бүдөмүк жаратуу коркунучу бар”, - деген изилдөөчүлөрдүн бири Сьюзи Хонг.
Маалыматта буга чейинки XVIII жана XIX кылымдардагы тумоолор, 1918-жылдагы “Испан” тумоосунун учурундагы летаргиялык энцефалитин сыяктуу мээге таасир эткен илдеттер көбөйүшү мүмкүн экенин билдиришкен.
Мындан сырткары, Жакынкы Чыгыштагы дем алуу синдрому (MERS), катуу курч респиратордук синдром (SARS) жана чочко тумоосунун учурундагыдай нерв системасы менен ооругандар көбөйөөрүн мисал келтирген.
“Азыртан эле, COVID-19 илдетине чалдыккан адамдардан, борбордук нерв системасынын курч синдромдору тууралуу билдирүүлөр келип түшүүдө”, - деген изилдөөчү.
Илимпоздор белгилегендей, азырынча коронавирустун психоневрологиялык кесепеттери белгисиз. Бирок алардын ою боюнча вирустун кесепеттери олуттуу болуп, көптөгөн жылдар бою таасирин тийгизүүсү ыктымал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн