Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 12:55
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Окумуштуулар коронавирус жаштардын нерв системасына таасирин тийгизерин аныкташты

Окумуштуулар коронавирус жаштардын нерв системасына таасирин тийгизерин аныкташты


Коронавирус менен ооруп айыккан жаштар нерв системасынын иштөөсүнөн өзгөрүүлөрдү байкашат. Бул тууралуу "Известия" АКШнын окумуштууларынын айтымына таянып кабарлады.

Илимпоздор алты айдын аралыгында 20 жаштан 24 жашка чейинки 30 адамга байкоо жүргүзүп көргөн. Анын 16сы коронавирус жуктуруп айыккандар эле. Анда дартты жеңгендердин нерви беркилердикине салыштырмалуу эс алып жаткан учурда да катуу чыңалганы байкалган.

Адистер булчуңдардын активдүүлүгүн текшерип жатып коронавирус менен ооруп айыккандардын нерв системасы ашыкча активдүү болгонун аныкташкан.

Ооруп айыккан адамды керебетте бир абалдан экинчи абалга которгондо эле анын жүрөгү тез-тез согуп, пульсу көтөрүлгөн.

Окумуштуулардын байкоосуна катышып жаткандардын колун эки мүнөткө муздак сууга салып койгондо алардын нерв системасынын активдүүлүгү басаңдап калган. Мында ооруп айыккандар башкаларга караганда ооруну азыраак сезишкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн