Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Окуу процесси үзгүлтүккө учурабайт, - министрлик

21.03.2020 14:31
667
Окуу процесси үзгүлтүккө учурабайт, - министрлик


Карантинге карабастан окуу процесси үзгүлтүккө учурабайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров айтты.


Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги төртүнчү чейректин окуу процессин аралыктан окууну уюштуруу үчүн бир катар иш-чараларды өткөрүп жатат.


“Биздин максат – интернеттин бар-жогуна карабастан, бардык окуучуларды камтуу. Ошондуктан, биз телеканал, уюлдук тиркемелер жана мессенджерлер аркылуу аралыктан окуунун альтернативдүү ыкмаларын иштеп жатабыз. Мындан улам, билим берүү мекемелерине киргизилген үч жумалык карантиндин убактысы узартылса, окуу процесси үзгүлтүккө учурабайт”, - деди Өмүров.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн