Сузактагы окуучу кызды сабаган мугалим өз каалоосу менен арыз жазып, жумуштан кетти. Бул тууралуу Сузак районунун билим берүү бөлүмү кабарлады.
Видеодогу окуя 23-майда Жалал-Абад облусундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепте болгон. Аны райондук билим берүү бөлүмү түзгөн атайын комиссия иликтейт.
25-май күнү мугалим окуучу кызды ур-токмокко алып жаткан видео соцтармакка тарап, талкууга түштү. Андагы мугалим информатика жана көркөм өнөр сабактарынан берчү. Ал эми кыз - 7-класстын окуучусу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн