Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 08:29
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Окуучулар арасында республикалык илим, техника жана ѳндүрүш жумалыгы ѳтѳт

07.02.2020 16:53
963
Окуучулар арасында республикалык илим, техника жана ѳндүрүш жумалыгы ѳтѳт


Кыргызстанда 10-февралдан 14-февралга чейин окуучулар үчүн илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара «Алтын түйүн» Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы менен биргеликте өткөрүлѳт.

Салтанаттуу ачылыш Кыргызстандын бардык билим берүү мекемелеринде болот. Окуучулар бир апта бою окмуштуулар, илимпоздор менен жолугуп, илимий –изилдѳѳчү институттар, ЖОЖ менен таанышып, ар кандай долбоорлор менен интелектуалдык оюндарга күбѳ болушат.

Жумалыктын алкагында “Илим+Ойлоп табуу=Техника” Республикалык илимий-техникалык олимпиадасы ѳткѳрүлѳт. Ал 12 жана 13-февралда Улуттук илимдер академиясынын Диссертациялар залында болот. Ага Кыргызстандын бардык областтарынан 20 команда катышат.

 Бул жылы балдар “Катаал (түз эмес) адырда транспорт каражатынын кыймылын башкаруу” темасына өзүнүн жеке долбоорун сунушташы керек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн