Өлкө аймагындагы окуучулардын билим деңгээлин текшерүү үчүн тесттер иштелип чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова айтты.
Анын айтымында, окуучулардын жетишкендиктерин баалоо жогорку класстардын окуучуларынын арасында жүргүзүлөт.
“Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Улуттук билим берүүнүн сапатын баалоо борбору 4-11-класстардын оокучуларынын жетишкендиктерин баалоо үчүн комплекстүү тесттерди иштеп чыкты. Бул тесттерди ошондой эле онлайн жана офлайн режимдеринде пайдаланса болот”, - деди Надира Жусупбекова.
Ал эми, аталган тесттер oku.edu.gov.kg порталында дагы жеткиликтүү болору айтылды.
Пикирлер (4)