Германиянын канцлери Олаф Шольц Украинадагы согуш жакын арада токтобой турганын билдирди. Бул тууралуу BBC кызматы кабарлады.
Анын айтымында, Германия Украинага колдоону токтотпойт.
"Биз Украинадагы согушту токтотуу белгилерин көрө албай турабыз. Анткени эки тарап тең сүйлөшүүлөрдү кечиктирип, бири-бирине каршы турууну улантууда.
Биз согушту токтотуу үчүн керектүү аракеттерди көрүүгө даярбыз. Бирок бул согушту токтотуу үчүн Россияда бир гана мүмкүнчүлүгү бар. Ал Украинадагы ок атууну токтотуу",- деди Шольц.
Германия канцлери Украинага убада кылынган аскердик жардамдар берилерин кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн