23-мартта Бишкек ЖЭБиндеги коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин негизиндеги соттук отурум Бишкек шаардык сотунда уланды. Анда мурдагы каржы министри Ольга Лаврова акыркы сөзүн сүйлөдү. Лаврова бул иш боюнча райондук соттун чечимине арызданбаганын, өзүнө карата чыгарылган чечимге макул экенин билдирди. “Мен 33 жыл мамлекетке кызмат кылдым, эмгек стажым 42 жыл. Эгер иштеш керек болсо азыр да иштөөгө даярмын. Бир да жолу саясатка аралашкан эмесмин жана мындан ары да аралашпаймын”, - дейт ал.
Белгилей кетсек, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча кылмыш ишинде айыпталуучу катары С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев, О.Лаврова, О.Артыкбаев ,А.Калиев, С.Авазов, Ж.Назаров, Т.Бримкулов өтүп жатат. Буга чейин аларга райондук соттун чечими чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн