Бугу 02, 2024
Убакыт: 03:04
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Олигархтарды парламенттик шайлоого катышпоого чакырык салынды

05.05.2020 15:26
2897
Олигархтарды парламенттик шайлоого катышпоого чакырык салынды


Урматтуу олигархтар!

 

Адамзат оңой эмес убакытты күтүп жатат. Бул дүйнө коомчулугу бир убакта бир канча олуттуу жагдайды башынан өткөрүп жатканы: Жакынкы Чыгыштагы согуш, олуттуу финансылык каатчылык, нефтегаз согушу, пандемия жана мунун бары климаттык өзгөрүүгө байланыштуулугу менен түшүндүрүлөт.

 

Метеорологдор жана эл аралык уюмдар, 2020-жылы жана кийинки жылы жылытуучу планетада аномалдык ысык, суук, өрт, топон суу каптоо жана кризис болоорун билдирип жатышат. Анын бир мисалын Исфана шаарындагы селден байкаса болот.


2020-жылдын март айында планета рекорддук деңгээлде жылыды, бул Европада, Түндүк жана Түштүк Америкада кургакчылыкка алып келди. Буга байланыштуу БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Дэвид Бизли мурун эле Covid-19 вирусу пайда болгонго чейин 2020-жылы экинчи дүйнөлүк согуш мезгили менен дүйнө ири гуманитардык кризиске кабыла турганын билдирген эле. “Биз глобалдык пандемияга эле эмес, глобалдык гуманитардык кыйроого учурадык, - деди Безли. – Ачкачылыктын элеси болуп көрбөгөндөй реалдуу жана коркунучтуу. Ачкачылык окуясынын өнүгүшү ондогон өлкөлөргө коркунуч туудурат".  


Кыргызстан тамак-аш азыктарынын импортунан абдан көз каранды. Импорттун кыскарышы, мигранттардын кайтып келүүсү менен жергиликтүү өндүрүштөгү азык-түлүккө болгон суроо талап көбөйөт. Мындан тышкары жакырчылыктын өсүү кооптуулугу чыгат. Бул жумушсуздук деңгээлинин көбөйүп жатканы, мигранттардын кайрылып келүүсү, алардан акча которулбай калышы, экономиканын көптөгөн тармагындагы кирешелердин азайышы менен түшүндүрүлөт.


Экономикалык кризис мамлекеттик бюджетке түшүүнү төмөндөтөт. Муну бардыгы Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карыздарынын 2021-2025-жылдарга көлөмүн туу чокуга жеткирет. Мамлекеттик бюджеттеги тартыштык айлык-акылардын, жөлөк пулдардын төлөнүп берилүүсүнө жана мамлекеттик сатып алууларга терс таасирин тийгизет.


Эл аралык валюта фондунун башкы экономисти Гита Гопинаттын айтымында, тышкы кризис планетардык масштабга ээ экени талашсыз жана андан эч бир өлкө качып кутула албайт.


Кыргызстанда Жогорку Кеңштин кийинки курамы жана өкмөт бул көйгөйлөрдүн бардыгына каршы турууга аргасыз. Анткени алар Кыргызстандын жаңы тарыхында эң оор жана жоопкерчиликтүү кырдаалда келишет. Ушул кыйынчылыктардын бардыгын Кыргызстан көтөрүп кете алабы жана туруктуулукту сактап кала алабы, бул алардан көз каранды. Ал үчүн билимдүү, тажрыйбалуу, мамлекеттик көйгөйлөрдү так көрө алган, түшүнгөн жана аны чечүүнүн жолун билген компетенттүү адамдардан болушу шарт.


Ошондуктан мен жогоруда саналган сапаттарга ээ болбогон, бирок ири бизнестери бар болуп, парламенттин кийинки чакырылышына орундарды сатып алууну көздөп жаткан адамдарга кайрылам.

 

Саясий партиялардын тизмесинен өзүңүзгө орун сатып алуу менен сиз саясатка же мамлекеттик кызматка келип, өз бизнесиңиздин кызыкчылыгын коргой албай турганыңызды түшүнүңүз, анткени бүгүнкү ачык, бардыгына белгилүү болуп турган коомдо, анын үстүнө социалдык-экономикалык олуттуу кризис учурунда сизге эч ким жеке ишкерчилигиңизди коргоп отурууңузга жол бербейт.  


Сизден жалпы коомдук көйгөйдүн чечилишин талап кылат. Сиз керек болсо өзүңүздүн саясаттагы ордуңузду сатып алууга жумшаган чоң суммадагы каражатыңызды кайтарып ала албайсыз. Мындан тышкары сиз өзүңүздүн материалдык артыкчылыгыңызды пайдалана албайсыз, мамлекеттик ишмер катары бюджеттеги сарамжалдуулукту ойлонушуңуз керек. Өз кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу убактысы үстүбүздөгүдөй кризиске алып келишин танууга болбойт.


Саясий же мамлекеттик кызматтарга келүүңүз менен жогоруда саналгандардан тышкары өлкө коомчулугунун көңүл буруусунда эле эмес, эл аралык көз карандысыз бей өкмөт уюмдардын жана мыйзамсыз ташылып чыккан активдерди кайтаруу маселеси боюнча жакында атайын түзүлгөн БУУ тобунун көзөмөлүндө болосуз.


Эгерде сиздин билимиңиз азык-түлүк кризисин жана жакырчылыкты жоюу мүмкүнчүлгүн аткара албаса, ачка жана ачуусу келген топтошкон эл Ак үйдүн алдынан эмес, керек болсо үйүңүздүн терезе алдынан коркунуч келтириши мүмкүн. 28 жылдын ичинде өлкөнү уурдап тоноп, ушул абалга чейин жеткирип, ачуусу келип турган учурда сиз байлыгыңыз менен элдин үстүндө отурсаңыз алардын жек көрүү коркунучу менен кагышасыз.  


Ошондуктан ушундай каатчылык шартында сизге коомдук көйгөйлөр менен эмес, а өзүңүздүн жеке бизнесиңиз менен алектенип, аны сактап калууну жана жумушчу орундарды көбөйтүүнү ойлонгонуңуз оң. Ошондой эле Жогорку Кеңешке жаңы саясий ишмерлерди тартууда компетенттүү, мурда булганбаган жана элдин нааразычылыгын жаратпаган жүздөрдү кантип тартуу керектиги тууралуу кам көргөнүңүз жакшы. Алар 28 жыл бою топтолуп калган көйгөйлөрдү чечкен жана өлкөнү кризистен чыгарып кете алган “жумушчу аянты” болушу керек. Кризистен ийгиликтүү чыгып кетүү сиздин коопсуздугуңуз үчүн кепилдик.


Азамат Темиркулов, Гамбург Университетинин саясий илимдер боюнча доктору

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Улан Акматалыевич.
Абдан туура пикирлердин бири деп ойлойм, эми ушул пикир Кыргызстандын атка минерлери , б.а. акчалуу, абройлуу биздин инсандар ушуну туура тушунушсо абдан сонун болот эле. Ойдодогулор биригишип карапайым элдин унун туура тушунушсо, байлыкты мейли топтошсун бирок, Кыргызстандын казынасынан эмес, элди кыйнап эмес, карапайым элге жол корсотуп берип, аларды дагы бириктирип анан кийин ушул Эл озу бийликтегилерге байлык болуп бермек деп ойлойм.