Бугу 16, 2024
Убакыт: 13:12
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Олимп оюндарын өткөрүү үчүн түрдүү жолдорду издеп жатабыз, - Эл аралык олимпиада комитети

20.03.2020 15:09
625
Олимп оюндарын өткөрүү үчүн түрдүү жолдорду издеп жатабыз, - Эл аралык олимпиада комитети


Эл аралык олимпиада комитети 2020-жылдагы Токиодогу Олимп оюндарын өткөрүү үчүн түрдүү жолдорду издеп жатат. Коронавирус илдетине карабай мелдешти белгиленген убакытта өткөрүүгө оптимистик көз карашта экенин мекеменин жетекчиси Томас Бах билдирген.


Жума күнү Японияда Олимп отунун эстафетасы башталды. Мелдештер 24-июлдан 9-августка чейин өтүү каралган.


“Биз абал кандай болуп кетерин билбейбиз (оюндун башталышына чейин). Албетте биз мелдешти өткөрүү үчүн түрдүү жолдорду издеп жатабыз, бизди башка спорттук уюмдардан айырмалантып турган нерсе бул, оюндун башталаарына дагы төрт жарым ай убакыт бар. Алар бизден дагы оптимистүү, анткени алар мелдештерин апрелге же болбосо майдын этегине чейин эле  токтоткон. А биз июлдун этегине деп жатабыз”, - деп Бах New York Timesка берген маегинде айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн