Бугу 20, 2024
Убакыт: 13:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Олимп оюндарынын жаңы мөөнөтү үч жумадан кийин маалым болот

27.03.2020 12:03
724
Олимп оюндарынын жаңы мөөнөтү үч жумадан кийин маалым болот


Эл аралык олимпиада комитети (ЭОК) Токиодо өтүүчү Олим оюндарынын жаңы убактысын үч жумадан кийин айтат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, Эл аралык спорттук федерациялардын суранычы менен ЭОК Олимп оюндарын 2021-жылы жаз мезгилинде өткөрүүгө чечим чыгаруусу мүмкүн. Себеби жайкы саратанда спортчуларга күч келип калышы ыктымал.


Япониядагы Олимп оюндары үстүбүздөгү жылдын  24-июнунан 9-августка чейин Токио шаарында өтөрү белгиленген. Коронавирус илдетинен улам мелдеш 1 жылга жылдырылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн