Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 18:35
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Олимпиада - 2024: Бишкекте күрөш боюнча лицензиялык континенталдык турнирлердин бири өтөт

29.06.2023 10:12
1252
Олимпиада - 2024: Бишкекте күрөш боюнча лицензиялык континенталдык турнирлердин бири өтөт


Бишкек шаарында күрөш боюнча лицензиялык континенталдык турнирлердин бири өтүп, анын жеңүүчүлөрү 2024-жылы Парижде болчу жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алышат. Бул туурасында Бириккен күрөш дүйнөсүнөн билдиришти.


Жайкы Олимпиада оюндарына тандалуучу турнирлер:


- Азия — Бишкек (Кыргызстан);

- Европа — Баку (Азербайжан);

- Панамерикалык турнир — Акапулько (Мексика);

- Африка жана Океания — Каир (Египет).


Ар бир турнирде 36дан квота ойнотулат. Мындан сырткары, дагы 54 лицензия Стамбулдагы дүйнөлүк турнирде өзүнүн ээсин табат.


Белгилей кетсек, Париж Олимпиадасына алгачкы жолдомолор сентябрда Белград калаасында өтө турган күрөш боюнча дүйнө чемпионатында ойнотулат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн