Бугу 02, 2024
Убакыт: 06:19
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Олимпиада - 2024: Италияда өткөн турнирде Кыргызстандын мушкерлери лицензия ала албай калышты

12.03.2024 09:28
572
Олимпиада - 2024: Италияда өткөн турнирде Кыргызстандын мушкерлери лицензия ала албай калышты


Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Италияда өткөн лицензиялык турнирде өз оюнун жыйынтыктады.


Бул күндөрү Бусто-Арсицио шаарында Париждеги Олимпиада оюндарына биринчи дүйнөлүк тандоо өтүп жатат.


2024-жылкы оюндарга жолдомо утуп алуу үчүн өз салмак категориясы боюнча ТОП-4кө кирүү керек.


Италияда өткөн турнирде башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу менен улук машыктыруучу Улан Сагынбаевдин жетекчилигинде Кыргызстандан 7 спортчу күч сынашты.


Эң мыкты көрсөткүчтөрдү Сыргак Абдыжапар уулу менен Өмүрбек Бекжигит уулу көрсөтүп, 1/8 финалга чыга алышты. 10-мартта алар чейрек финалга чыгуу үчүн күрөшүп, бирок атаандаштарына утулуп, мелдештен четтеп калышты.


23-майдан 3-июнга чейин Таиландда өтө турган экинчи дүйнөлүк тандоодо кыргызстандык команда Олимпиадага лицензия алуу үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк бар.


Учурда Кыргызстандын 5 олимпиадалык лицензиясы бар - Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов (баары күрөш) жана Денис Петрашов (сууда сүзүү).

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн