Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 07:15
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Олимпиада-2024: Кыргызстандын беш спортчусу Парижге учуп келди

26.07.2024 09:22
433
Олимпиада-2024: Кыргызстандын беш спортчусу Парижге учуп келди

Францияда өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандын беш спортчусу Парижге учуп келди.

Парижге биринчилерден болуп суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских кураманын башкы машыктыруучусу Евгений Петрашовдун жетекчилиги астында жеткен.

Андан соң боксчу Мунарбек Сейитбек уулу башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу менен барды.

Күн мурун Парижге дзюдочулар Эрлан Шеров менен Кубанычбек Айбек уулу башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусов, улук машыктыруучу Сергей Кладнов менен учушкан.

Алгачкылардан болуп эртең, 27-июлда Денис Петрашов 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүп, мелдештерге жол баштап берет.

Ал эми балбандар болсо Парижге 1-августта учушат. Жөө күлүк Сардана Трофимова 11-августта марафондук жарышка катышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн