Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 06:17:55
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Олимпиада-2024: Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашын жеңип, чейрек финалга жолдомо алды

05.08.2024 20:47
697
Олимпиада-2024: Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашын жеңип, чейрек финалга жолдомо алды


Бүгүн Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашып жеңип, чейрек финалга жолдомо алды.

Балбан кыз Мээрим Жуманазарова бүгүн 68 кг салмак ченинде 1/8 финалда беттештерин баштады.

Анда кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова монголиялык Делгермаа Энхсайхан менен кез келип, атаандашын 8:3 эсебинде жеңип алды.

Чейрек финалда Мээрим Жуманазарова япониялык балбан Нонока Одзаки менен күч сынашат.

Эми чейрек жана жарым финалдык беттештер саат 01:00дө болот.

Жубатуучу беттештер жана медаль үчүн беттештер эртең, 6-августта өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн