Бугу 02, 2024
Убакыт: 05:02
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Олимпиада оюндарын көрсөтүү үчүн жаңы телеканал ачылды

23.07.2021 08:49
652
Олимпиада оюндарын көрсөтүү үчүн жаңы телеканал ачылды



Токио олимпиадасын толук көрсөтүү үчүн Коомдук телерадикорпорациясы (КТРК) Акнет компаниясы менен дагы бир жаңы телеканал ачты. Ал КТРК-Спорт-2 деп аталат. Бул тууралуу "Азаттыкка" КТРК-Спорт каналынын продюсери Шайырбек Арапов билдирди:


-Эл аралык спорт мелдешин Кыргызстандын аймагында көрсөтүү лицензиясын КТРК жана Акнет компаниясы алган. Кыргызстандык спортчулар катышкан мелдештерди толугу менен чагылдыруу максатында жаңы телеканал кошулду. Биздин мекендештер КТРК-Спорт жана КТРК-Спорт-2 каналдарынан каалаган оюндарын тандап көрсө болот.


23-июлда Жапониянын баш калаасында XXXII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземи болот. Иш-чара Бишкек убактысы менен саат 17:00дө башталат.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн