Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Олимпиада оюндарына кыргызстандык балбан күтүүсүздөн жолдомо утту

04.07.2021 11:13
1085
Олимпиада оюндарына кыргызстандык балбан күтүүсүздөн жолдомо утту

Айаал Лазарев быйыл жайында өтө турган "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо утту. Бул тууралуу күрөш федерациясы билдирди.


Маалыматка ылайык, май айында София шаарында өткөн Олимпиада оюндарына тандап алуу боюнча дүйнөлүк лицензиялык турнирде Лазарев жеңилип калган индиялык Сумит Малик аттуу балбандан допинг аныкталган.


Мындан улам Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) аны жолдомосунан ажыраткан. Жолдомо автоматтык түрдө кыргыз балбанына берилет. Муну менен Айаал Лазарев Кыргыз курамасынын карамагына 17-жолдомону алып келди.

Булак: "Супер.кг"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн