Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Олимпиада оюндарында рекорд койгон Камила Валиева алдыдагы мелдештерге катышууга уруксат алды

14.02.2022 13:58
760
Олимпиада оюндарында рекорд койгон Камила Валиева алдыдагы мелдештерге катышууга уруксат алды

Пекин-2022 кышкы Олимпиада оюндарынын алкагында муз үстүндө бийлөө спорту боюнча Россия Федерациясынын атынан олимпиада оюндарына катышып жаткан Камила Валиева мындан аркы мелдештерге катыша алат. 


Маалыматка ылайык, мындай чечим спорт арбитраждык соту тарабынан кабыл алынган. Камила Валиеванын маселеси 7 саатка чукул каралып, Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК), Эл аралык коньки тебүү союзунун (ISU) жана Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин (WADA) кайрылуусун четке каккан.


Эске салсак, 15 жаштагы Камила Валиева допинг колдонууга шектелип оюндан четтеп калуу коркунучу жаралган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн