Бугу 10, 2024
Убакыт: 00:36
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Олимпиада оюндарынын байге ээси Канат Бегалиев мамкызматка дайындалды

27.04.2023 14:20
925
Олимпиада оюндарынын байге ээси Канат Бегалиев мамкызматка дайындалды

Канат Бегалиев Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мекеменин ага чейинки директору Айбек Абдымомунов ушул айдын башында Дене тарбия жана спорт департаментинин директору кызматына дайындалган.

Канат Бегалиев 2006-жылы Кытайыдын Гуанчжоу шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында жана 2008-жылы Бээжинде өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медаль алган. 2007-жылы Бишкек шаарында өткөн Азия биринчилигинде чемпион болуп, алтын медаль тагынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн