Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен өлкөнүн негизги спорт федерацияларынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2023-жылы Ханчжоу шаарында (Кытай Эл Республикасы) өтүүчү Азия оюндарына жана 2024-жылы Парижде (Франция Республикасы) өтүүчү Олимпиада оюндарына даярдык көрүү маселелери талкууланды.
Мындан тышкары логистика, каржылоо, окутуу жана окуу процессин уюштуруу маселелери сүйлөшүлдү.
Байсалов алдыдагы эл аралык мелдештерге спортчуларды натыйжалуу даярдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, федерациялардын өкүлдөрүн мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, мамлекет спортту жана дене тарбияны өнүктүрүүгө ар тараптуу колдоону күчөтөөрүн кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн