Эл аралык Олимпиада комитети (ЭОК) Япониянын Токио шаарында 2021-жылы өтө турган Олимпиада оюндарынын катышуучулары үчүн вакциналарды тандап алды. Бул тууралуу уюмдун сайтында маалымдалат.
ЭОК Токиодогу Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндардын катышуучулары вакциналардын эки түрү Pfizer жана BioNTech менен коронавируска каршы эмдөөлөрдү ала алаарын билдирди.
"Бул оюндар учурунда коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу үчүн гана эмес, ошондой эле Япониянын элин урматтоо максатында жасалып жатат", - деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн