Бугу 07, 2024
Убакыт: 14:34
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Олуттуу кемчиликтер бар. Венеция Комиссиясы Конституциянын жаңы долбоору боюнча корутунду чыгарды

20.03.2021 11:11
867
Олуттуу кемчиликтер бар. Венеция Комиссиясы Конституциянын жаңы долбоору боюнча корутунду чыгарды

Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоору боюнча биргелешкен корутундусун жарыялады.


Биргелешкен документте жаңы Конституциянын долбоорунун айрым жоболору бийлик бутактарынын тең салмактуулугуна, ошондой эле демократия жана мыйзамдуулук үчүн маанилүү болгон жеке эркиндиктердин корголушуна коркунуч келтирет деген тыянак чыгарылган.

Корутундуда ошондой эле 2021-жылдын 11-апрелинде референдумга коюлган жаңы Баш мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу жана кабыл алуу жол-жобосундагы олуттуу кемчиликтер, анын ичинде маалыматтуу, ар тараптуу жана деталдуу консультациялардын жоктугу көрсөтүлгөн.


Европа Биримдиги демократиялык принциптерди, негизги укуктарды жана эркиндиктерди урматтоо Кыргызстандын эл аралык стандарттарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык камсыздалышы керек деген позициясын дагы бир жолу ырастайт. Ушул максатта жаңы Конституциянын долбоору Венеция комиссиясынын  биргелешкен пикирин эске алышы керек.


Европа Биримдиги Кыргызстанды реформанын программасын алга жылдырууда жана анын алдында турган маселелерди чечүүдө колдой тургандыгын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн