Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Олжобай Шакир камакка алынып, кандай айып тагылганы айтылды

24.08.2023 08:45
459
Олжобай Шакир камакка алынып, кандай айып тагылганы айтылды


Журналист Олжобай Шакир 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу адвокат Бакыт Автандил билдирди.


Анын айтымында, журналист укук коргоо кызматкерлерине активдүү баш ийбөөгө чакырып, массалык баш аламандыкка чакырып, бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталууда.


«Бул негизсиз айыптоолор. Олжобай Шакир токтоосуз бошотулушу керек. Эртең анын баш коргоо чарасы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралат. Иштин бардык маңызы кээ бир экспертизалар дайындалгандыгында. Экспертизалардын корутундусунан кийин Олжобай Шакирге кылмыш иши козголду”,-дейт Бакыт Автандил.


Белгилей кетсек, бүгүн журналист Олжобай Шакир УКМКга суракка алынып келингени белгилүү болгон. Буга чейин ал жарандарды митингге чыгууга чакырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн