Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 06:18
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Омар Султанов Кыргызстандын БУУдагы өкүлү катары миссиясын баштады

18.08.2022 13:28
736
Омар Султанов Кыргызстандын БУУдагы өкүлү катары миссиясын баштады

17-августта Кыргызстандын Женева шаарындагы БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Омар Султанов БУУнун Женевадагы кеңсесинин башкы директору Татьяна Валоваяга ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү.


Кр Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө Султанов Кыргызстан БУУнун ишмердүүлүгүн жогору баалап, өнөктөштүк жана диалог принциптерине негизделген БУУ менен ар тараптуу кызматташууну бекемдөөгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.


Ал ошондой эле Кыргызстандын тоолорду туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүүдөгү артыкчылыктарына токтолду.


Валовая Султановду Женевага келиши менен куттуктап, анын ишмердигине ийгиликтерди каалап, БУУ Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууну уланта берерине ишендирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн