Баш оона 24, 2025
Убакыт: 09:52
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Омор Султанов менен Марат Алышпаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең өтөт

04.04.2022 13:19
1150
Омор Султанов менен Марат Алышпаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең өтөт


Кыргыз эл акыны Омор Султанов менен КР эл артисти Марат Алышпаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 5-апрелде өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.


2022-жылдын 3-апрель күнү Кыргыз Республикасынын эл акыны Омор Султанов жана 4-апрель күнү Кыргыз Республикасынын эл артисти Марат Алышпаев дүйнөдөн кайтты.


Ал эми залкар инсандарды акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең,5-апрель күнү өтөт.


Кыргыз Республикасынын эл акыны Омор Султановду акыркы сапарга узатуу 2022-жылдын 5-апрель күнү саат 10:00 А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында, ал эми Кыргыз Республикасынын эл артисти Марат Алышпаевди узатуу 2022-жылдын 5-апрель күнү саат 13:00до Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында өтөт.


Маркумдардын сөөгү "Ала- Арча" көрүстөнүнө коюулат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн