Бугу 09, 2024
Убакыт: 09:14
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Оң рулдуу машинаны такси катары айдоого тыюу салган токтом долбоору талкууга коюлду

20.02.2024 15:34
142
Оң рулдуу машинаны такси катары айдоого тыюу салган токтом долбоору талкууга коюлду


Министрлер кабинети оң рулдуу автоунааларда такси кызматын көрсөтүүгө, жүк ташууга тыюу салган токтомду коомдук талкууга чыгарды. Бул кырсыктардын алдын алуу жана көзөмөлдөө максатындагы чара экени айтылат расмий түшүндүрмөдө.

Маалыматка ылайык, 2013-жылы кабыл алынган “Жүргүнчүлөрдү автомобиль транспорту менен ташууну уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизилип, 19-февралдан 18-мартка чейин коомдук талкууга чыгарылды.

Эске салсак, былтыр Ички иштер министрлиги оң рулдуу автоунааларды такси кызматына пайдалангандарга 3 миң сом айып пул салууну караган токтом долбоорун иштеп чыккан. Анын негиздемесинде оң рулдуу таксилерге тыюу салынганы менен, аларга жаза каралбаганы белгиленген. Ал токтом кабыл алына элек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн