Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Ноокат жолунун бүтпөй жатканына нааразылыгын билдирди.
"Бир нече жылдан бери какшап келе жатабыз. Бирок дагы деле жыйынтык жок.
Ош-Раззаков жолунун Ноокат аймагында жолду оңдоо үчүн Япониядан 118 миллион доллар грант-кредит алынган. Жол ошол бойдон. Элдин үйлөрүн бузуп салган менен жол оңдолбой жатат.
Транспорт министри Эркинбек Осоев бир жолду оңдой албаса отставкага кетиши керек ",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн