Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 04:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Оңдоодон өткөн Фере көчөсүнүн ачылышына Атазов менен калаа башчысы катышты

01.12.2022 14:33
284
Оңдоодон өткөн Фере көчөсүнүн ачылышына Атазов менен калаа башчысы катышты


Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шайлообек Атазовдун катышуусунда Фере көчөсүнүн ачылышы болду. 


Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Элебесов көчөсүнөн Дачная көчөсүнө чейинки бөлүгүндө «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы аркылуу капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун эки тарабына тротуар салынып, ирригация да орнотулду.


Жол куруу иштерин «Технотоп» ЖЧКсынын подряддык ишканасы жүргүзгөн.


Белгилей кетсек, көрктөндүрүү көзөмөлү боюнча муниципалдык инспекция жолду оңдоого тоскоол болгон мыйзамсыз курулуштарды жана объектилерди алдырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн