Бугу 14, 2024
Убакыт: 04:40
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Онкология борборуна келген ар бир бейтаптан ПЧР анализ алынат

26.05.2020 08:57
1057
Онкология борборуна келген ар бир бейтаптан ПЧР анализ алынат


Улуттук онкология жана гематология борборунда коронавирустун андан ары жайылышын аныктоо максатында ПЧР диагнозун жүргүзүү чечилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Коронавирус деп шектелген же эпидемиологиялык жактан начар аймактардан келген бейтаптар алгач борбордо уюштурулган обсерваторияга жаткырылат. Андан соң Онкология борборунун окутулган лаборатория жардамчылары ПЧР диагностика жүргүзүү үчүн дем алуу органдарынан үлгүлөрдү алышат, бул үчүн атайын кабинет уюштурулган.


Бардык анализдер акысыз болот. Андан тышкары, ооруканага жаткырылууга муктаж бардык бейтаптар Онкология жана гематология борборунунда сөзсүз түрдө көкүрөк рентгенинен же компьютердик томографиядан өткөрүлөт.


Мындай чечим ооруканадагы бейтаптар жана медициналык персонал арасында коронавирустук инфекция фактылары аныкталгандыгына байланыштуу кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн