Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:45
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Онкология тармагына 160 миллион сом бөлүнгөн

24.04.2020 11:01
867
Онкология тармагына 160 миллион сом бөлүнгөн


Бул жылы мамлекет тарабынан онкология тармагына 160 миллион сом медициналык каражаттарды сатып алууга бөлүнгөн. Бул тууралуу 24-апрелдеги брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.


Анын айтымында өлкөдөгү баардык онкология борборлорунда медициналык каражаттар жетишпейт.


"Онкология жаатындагы көйгөй соңку үч айда же акыркы жылда эле пайда болуп калган жок. Бул көйгөй көп убакыттан бери сакталып келе жатат. Быйылкы жылы мамлекет тарабынан жакшы көңүл бөлүнүп 160 миллион сом бөлүндү. Анын 60 миллону балдар онкологиясына каралган. Оштогу балдар онкологиясында эле көйгөй бар деп айта албайм, андай муктаждык республика боюнча бар. Өткөн жылы бир нече тендер өткөн, бирок каражат аз бөлүнүп, ал эми керектөөлөр кымбат болгондуктан компаниялар катышкан эмес. Мындан улам препараттарды алып келүү кыйын болуп жатат”, - деди Үсөнбаев.


Ошондой эле, учурда айрым каражаттар бар экенин, кээ бирлери чек аралар жабык болуп келбей жатканын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн