Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам, соңку убакта бет каптар көп суроо-талапка ээ болууда. Буга байланыштуу онкологиялык оорулуу аялдардын «Жашоо үчүн бирге» деп аталган чеберканасы да четте турбай бет кап тигип, сатыкка чыгарышты.
Аталган чеберкананын өкүлдөрү "Медиа центр" мультимедиалык-маалыматтык агентигине билдиргендей Онкопациенттер тиккен беткап алты кабаттуу. Жууп, кайра колдонууга ылайыктуу. Баасы - 15 сом.
Учурда аталгандай бет каптан миң даана тигилип даяр болгон. Чеберканага баш аягы 88 миң даана бет капка буйрутма түшкөн.
Чеберкананы социалдык тармактарда активисттер колдоого алып, коомчулукту алардын бет каптарын сатып алууга чакырышууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн