Бугу 16, 2024
Убакыт: 12:36
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Онлайн окутууну уюштуруу боюнча эксперттик-консультативдик кеңеш иштеп жатат

23.07.2020 15:36
1233
Онлайн окутууну уюштуруу боюнча эксперттик-консультативдик кеңеш иштеп жатат

 

Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылына даярдыкты толук кандуу жүргүзүп жатат, деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.


Учурда министрликтин алдында практик-педагогдордон, эксперттерден, билим берүү жаатындагы менеджерлерден турган эксперттик-консультативдик кеңеш иштеп жатат. Кеңештин корутундусу менен башка өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын тажрыйбасы изилденип, талданып, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүн, балдардын жана педагогдордун коопсуздугун приоритет катары койгон бир нече варианттагы чечимдер кабыл алынат.

 

Кеңештин мүчөлөрү беш топко бөлүнүп, ар бири тиешелүү багыттар боюнча иш алып барууда. Биринчи топ аралыктан (дистанттык) окутуу мезгилинде ата-энелерге методикалык, психологиялык жардам көрсөтүү боюнча атайын нускаманы иштеп чыгуунун үстүнөн иштесе, экинчи топ башталгыч класстарды окутуунун алгоритмин түзүүдө. Ал эми үчүнчү топ мектеп мугалимдерине дистанциондук окутуунун негиздери, аны туура уюштуруунун жолдору жөнүндө, төртүнчү топ дистанттык окутуу, электрондук каражаттарды жана интернет ресурстарын туура колдонуу жөнүндө мектеп окуучулары үчүн жана бешинчи топ виртуалдык же болбосо онлайн мектеп жөнүндө керектүү маалыматтарды камтыган колдонмолорду иштеп чыгуу үстөндө жумуштарды жасап атышат.

 

Белгилей кетсек, түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жаңы окуу жылынын биринчи чейрегин аралыктан уюштуруу пландалып жатат. Кырдаал жакшы жагына өзгөрүүсү менен окуучулар мектепке реалдуу режимде окууга келишет.

 

 

 

 

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн