Нарын облусунун Жумгал районунда балык уулоого кеткен эки кишини издөө иштерине кошумча куткаруучулар тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Жумгал районунда 5-июнь күнү Миң-Куш айылынын 42 жана 43 жаштагы тургундары Өрнөк айылындагы Көкөмерен дарыясына балык кармоого кеткен боюнча дайынсыз болгон жарандарды издөөгө Токтогул райондук №60 ӨКБдан кошумча куткаруучулар тарттылган. Жалпы 20 куткаруучу, ага кошумча жергиликтүү тургундардан 20 адам издөө иштерин жүргүзүүдө.
Бүгүн, 15-июнда издөө иштери улантылат.
Эске салсак, буга чейин Жумгал районунда балык уулоого кеткен эки
киши дайынсыз болуп жатканы айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн