Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ооган бийлиги "Талибан" кыймылы менен бийлик бөлүшүүгө даяр

03.08.2021 14:19
759
Ооган бийлиги "Талибан" кыймылы менен бийлик бөлүшүүгө даяр

Ооганстандын расмий бийлиги "Талибан" кыймылы менен кызматташууга даяр. Бул тууралуу орус басылмалары ооган бийлигине таянып билдирди.


Маалыматка ылайык, ооган бийлиги "Талибан" кыймылына болгону бир шарт койгон.


"Биз талибандар менен бийлик бөлүшүп өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калууга даярбыз. Болгону талибандар террористтик аракеттерин токтотуусу шарт. 

Ооганстандын келечегин ооган эли чечиши керек",- деп билдирген.


Эскерте кетсек, "Талибан" кыймылы азыркы учурда Ооганстандын көпчүлүк аймагын көзөмөлдөп турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн