Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:24
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Ооган бийлиги талибандардын 21 мүчөсү менен бир лидерин жок кылды

26.07.2021 14:21
1181
Ооган бийлиги талибандардын 21 мүчөсү менен бир лидерин жок кылды

Ооганстандын аба күчтөрү тажик чек арасына жакын жерде "Талибан" кыймылына абадан сокку урду.


Атайын операция Тахар провинциясында өттү.


"Талуканга жакын жайгашкан Сафиха, Поли-Джалад, Ахангара жана Азизхан-Нахр-Чаман айылдарында террористтердин турумдарына кол салуу болду. Натыйжада, алардын лидерлеринин бири менен кошо 21 террорист өлтүрүлдү", - деп билдирди ооган милициясы.


Мындан тышкары, ооган аскерлери Талибандын көптөгөн курал-жарактарын, ок-дарыларын жана шаймандарын жок кылышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн