Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:45
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Ооганстанда коронавирустан улам 10 миңге чукул киши абактан бошотулат

27.03.2020 17:23
662
Ооганстанда коронавирустан улам 10 миңге чукул киши абактан бошотулат


Ооганстандын президенти Ашраф Гани коронавирустун жайылуусун басаңдатуу үчүн абактагы 10 миңдей кишини бошотууга тапшырма берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. 


Маалыматка караганда, Президент Ашраф Ганинин жарлыгына ылайык, атайын түзүлгөн комитет түрмөдөн бошотула турган кишилердин тизмесин аныктайт. 

Ооганстандын башкы прокурору Мохаммад Фарид Хамиди абактардан аялдар, оор илдетке кабылгандар жана 55 жаштан жогорку адамдар бошотуларын кабарлаган. Ошол эле маалда бул чечимдин мамлекетке жана эл аралык коопсуздукка каршы кылмыш жасагандар үчүн тиешеси жоктугун айткан.


Ооганстанда 27-мартка карата 90дон ашуун киши коронавирусту жугузуп алып, төрт киши көз жумду. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн