Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 07:34
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Ооганстанда талибандар жаңы убактылуу өкмөттүн курамын бекитти (тизме)

08.09.2021 07:05
964
Ооганстанда талибандар жаңы убактылуу өкмөттүн курамын бекитти (тизме)


Ооганстанда талибандар жаңы убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн бекитти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.


Маалым болгондой, Ооганстанда мындан ары шарият негизги мыйзам болуп эсептелет.


Ооганстандын жаңы өкмөт башчысы - Хайбатулла Ахунзада, анын биринчи орун басары - Абдул Гани Барадар, экинчи орун басары - Абдул-Салам Ханафи.


Администрация жетекчиси - молдо Ахмаджан Ахмади.


Тышкы иштер министри - Амир-Хан Моттаки, анын орун басары -  Шер Мохаммад-Ага Станикзай.


Коргоо министрлигинин башчысы - молдо Якуб, анын орун басары - молдо Мухаммед Фадл Ахунд.


Ички иштер министри - Сиражуддин Хаккани, анын орун басары - Мавлави Жалал, баңгизатка каршы күрөшүү боюнча орун басары - молдо Абдул -Хак.


Маданият жана маалымат министрлигинин башчысы - молдо Хайрулла Хайрха, анын орун басары - Забиулла Мужахид.


Чалгын бөлүмүнүн башчысы - молдо Абдул-Хак Васик, анын орун басары - молдо Таж Мир Жавад, административдик иштер боюнча орун басары - молдо Рахматулла Нажиб.


Каржы министрлигинин башчысы - молдо Хедаятулла Бадри.


Билим берүү министрлигинин башчысы - шейх Мавлави Нуруллах Мунир.


Жогорку билим берүү министрлигинин башчысы - Мавлави Абдул -Бакы Хаккани.


Экономика министрлигинин башчысы - Мохаммад Ханиф.


Борбордук банктын башчысы - молдо Мухаммед Идрис.


Чек аралар жана уруулар министрлигинин башчысы - Нурулла Нури.


Жаратылыш ресурстары министрлигинин башчысы - молдо Мухаммед Иса Ахунд.


Суу жана энергетика менен камсыздоо министрлигинин башчысы - молдо Абдул -Латиф Мансур.


Коомдук иштер министрлигинин башчысы - молдо Абдул-Манан Омари.


Айыл чарба министрлигинин башчысы - молдо Мухаммед Юнус Ахундзада.


Ажылык жана Вакф иштери министрлигинин башчысы - Шейх Мавлави Нур Мохаммад Сакиб.


Миграция  министрлигинин башчысы - Хаджи Халил аль-Рахман Хаккани.


Ислам Багыты министрлигинин башчысы - Шейх Мохаммад Халид.


Авиация жана транспорт министрлигинин башчысы - молдо Хамидулла Ахундзада.


Байланыш жана маалыматтык технологиялар министрлигинин башчысы - Мавлави Наджибулла Хаккани.


Штаб башчысы - Кари Фасихуддин.


Калган ишмердүүлүк чөйрөлөрүн Жогорку лидер Хайбатулла Ахундзада көзөмөлдөйт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн