Ооганстандын бир топ шаарларында талибандарга каршы нааразылык акциялары өттү. Бул тууралуу "Спутник Ооганстан" билдирди.
Маалыматка ылайык, митингге чыккандардын көпчүлүгү Элдик күрөшүү фронтунун башчысы Ахмад Масуддун чакырыгынан кийин акцияга чыгышкан.
Нааразылык акциялары Мазари-Шариф, Герат жана Кабул шаарларында өткөн. Алардын негизги талабы пакистандыктардын бийликке кийлигишүүсүнө каршы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн