Бугу 05, 2024
Убакыт: 12:27
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ооганстандагы катуу жааган жамгырдын кесепетинен 30дан ашуун адам каза болду

25.07.2023 10:01
1037
Ооганстандагы катуу жааган жамгырдын кесепетинен 30дан ашуун адам каза болду


Ооганстандагы катуу жааган жамгырдын кесепетинен 30дан ашуун адам каза болгонун CNN телеканалы Талибан өкмөтүндөгү табигый кырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик министрлигинин басма сөз катчысы Шафиулла Рахимиге таянуу менен билдирди.


"Соңку 72 саатта болгон селдин кесепетинен 31 адам каза болуп, 74 киши жарадар болуп, дагы 41 адам дайынсыз болууда", — деп айтылат маалыматта.


Кырсыктарды жоюу боюнча мамлекеттик министрликтин өкүлү 250 баш мал өлгөнүн кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн