Ооганстандын Кундуз провинциясы жана провинциясынын борбору Кундуз шаары "Талибан" кыймылынын карамагына өттү. Бул тууралуу BBC билдирди.
Маалыматка караганда, акыркы күндөрү Ооганстандын Орто Азияга болгон ачкычы деп эсептелген Кундуз провинциясында катуу кармаш өткөн.
Натыйжада, талибандар өкмөт аскерлерин жеңип шаардын борборуна өздөрүнүн туусун көтөргөн.
BBCнин маалыматында жай тургундар жана аялдар согуштан каза болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн