Оор абалдагы бейтаптар орун таппай жаткан учурда өзүнүн туугандары жана тааныштары үчүн орун ээлеп койгон оорукананын жетекчиси изделип жатат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов дарыгердин анонимдүү суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымнда, алар агы бул тууралуу маалыматты буга чейин окушкан.
"Биздин арабызда ушундай жетекчилер бар экени өкүндүрөт. Вице-премьердин денгээлинде бул маселе каралып жатат. Биринчиден ЖМК дарыгердин атын атаган эмес. Мен түшүнүп турам, бул медициналык кызматкердин коопсуздугу үчүн жасалып жатат. Биз өз алдынча иштеп, учурда ал жетекчини табууга аракет кылып жатабыз. Эгерде бул чындык болсо медициналык кызматкерге карата чара көрүлбойт. Биз ушундайга жол берген жетекчиге чара көрөбүз", - деди Боронов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн