Бугу 06, 2024
Убакыт: 23:43
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Токиого учуп кетти

26.07.2021 11:14
806
Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Токиого учуп кетти

Оор атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиада оюндарына катышуу үчүн Токиого учуп кетти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.


Расулбеков менен бирге башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиев жана улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосов дагы жөнөп кетти. Спортчуну аэропортко Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын кызматкерлери коштоп барды.


Белгилей кетсек, Бекдөөлөт Расулбеков 31-июль күнү Бишкек убактысы боюнча саат 16:50дө күчүн сынайт. Жалпы 96 кг салмактык даражада 15 спортчу катышса, спортчунун А тайпасында 10 оор атлетчи бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн