Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 17:20
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Оор кылмыш жасоо үчүн жашырылган курал-жарак табылды

17.09.2021 18:00
829
Оор кылмыш жасоо үчүн жашырылган курал-жарак табылды

Чүйдүн Аламүдүн районунда уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан катылган АК-74 жана калибри 5,45 × 39 мм болгон ок-дарылар жашырылган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен  билдиришти.


Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, курал жана ок-дарылар кылмышкерлер тарабынан өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалган.


Азыркы учурда алынган куралдын келип чыгышын жана бул жашырууну уюштурган адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.


УКМК ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.


Ошол эле учурда ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен тапшырган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн