Өкмөт түзүлгөн оор кырдаалга карабастан
авариялык абалдагы мектептерди 2020-жылдын
аягына чейин оңдоо иштерин бүтүрүүнү камсыздайт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек
Боронов брифингде билдирди.
Өкмөт башчы белгилегендей, мектептерди оңдоп-түздөө иштерине жумшала турган каражаттын булагы чечилген.
«Covid-19 пандемиясынан улам түзүлгөн бюджеттик татаал кырдаалга карабастан, бир нече мектепте оңдоо иштери жүрүүдө. Авариялык абалда деп чечим чыгарылып, окуучулар башка имаратта окуп жаткан айылдардагы билим берүү жайларын быйылкы жылдын соңуна чейин колдонууга берүү боюнча иштер кызуу жүрүүдө», - деди премьер-министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн