Бугу 09, 2024
Убакыт: 04:35
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Оор учурда биримдик зарыл! Каныбек Туманбаев коронавируска каршы күрөштө ишкерлерди көмөктөшүүгө чакырды

18.03.2020 12:47
953
Оор учурда биримдик зарыл! Каныбек Туманбаев коронавируска каршы күрөштө ишкерлерди көмөктөшүүгө чакырды


Оор кырдаалда биримдик, сабырдуулук өтө маанилүү, мындай учурда өкмөткө көмөк көрсөтүү ар бир жарандын милдети. Мындай пикирин ишкер Каныбек Туманбаев фейсбук баракчасына жазып чыкты.


Ал кайрылуусунда жеке ишкер катары өкмөттүн коронавируска каршы иш-аракеттерине жардам берүүнү чечкендигин айтып, башка ишкерлерди да өкмөткө бул күрөштө көмөк көрсөтүүгө чакырды.  


"Дүйнө жүзүндө тилсиз жоо болуп жаткан COVID-19 коронавирусу 158 өлкөгө тарап, 169 миңден ашуун адамга жугуп, каза тапкандардын саны 5 миңден ашып кетти. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму муну пандемия деп атады. Бизге коңшулаш Казакстан, Өзбекстанга бул оорунун кирип келгени жана тездик менен жайылып жатканы Кыргызстан үчүн да коркунуч жаратууда. Бизде да бул аты жаман илдет 3 адамдан табылганы белгилүү болду.


Кыргыз өкмөтү коронавирус илдетин алдын-алуу жаатында үзгүлтүксүз иштерди жүргүзүүдө. Чет мамлекеттерден өлкөгө кирип жаткан жарандар медициналык жактан катуу көзөмөлгө алынууда. Мамлекет башчысы коронавирусту алдын-алуу чараларын көрүү боюнча үч ирет Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Өкмөт күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.


Мындай кырдаалда ынтымак, биримдик, сабырдуулук өтө маанилүү. Ошону менен катар мамлекеттик бийлик бутактарынын ишине көмөк көрсөтүү да ар бирибиздин жарандык милдетибиз болуп саналат. Мен жеке ишкер катары өкмөттүн коронавируска каршы иш-аракеттерине жардам берип көмөк көрсөтүү чечимине келдим. Биринчи байлык ден соолук, калктын саламаттыгы баарынан маанилүү. Дени сак өлкө – күчтүү өлкө. Андыктан башка бардык жеке ишкерлерди да бул пандемия менен күрөшүүгө каршы иш-аракеттерге каржылык колдоо көрсөтүүгө чакырам. “Көп түкүрсө көл болот” дейт элибиз. Мындай оор кырдаалда ар бирибиздин кошкон салымыбыз биригип келип, чоң күч жана чоң дем болот", - деп жазган ишкер билдирүүсүндө. 


Мындан сырткары, Каныбек Туманбаев кыргыз элинин үстүнө кара булут айланып турган чакта жеке кызыкчылыктарды, бизнес кирешелүүлүгүн арттыруу аракеттерин жыйыштыра турууга чакырды.  


"Дүйнө мамлекеттеринин башынан айланып турган кара булут бизге да жакындап келаткан маалда жеке кызыкчылыктарды, жеке бизнестердин кирешелүүлүгүн арттырып калуу аракеттерин жыйыштыра туралы. Тескерисинче, бири-бирибизге күйүмдүү болуп, муктаж адамдарга кол суналы. Келгиле баарыбыз ушундай маалда биригип ынтымака келип жараткандын колдоосу менен жардам корсотолу. Бул тооруп келаткан илдеттен ар ким өз алдынча күрөшө албайт. Баарыбыз чогуу күрөшкөндө гана натыйжасы жакшы болот", -дейт ишкер.  


Белгилей кетсек, бүгүн, 18-мартта Кыргызстанда коронавирус илдети 3 адамдан табылганын Саламаттыкты сактоо министри кабарлаган болчу.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн